Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Жолдун абалы начар." Марипов түндүк менен түштүктү бириктире турган унаа жолунун курулушу жөнүндө айтты

Өкмөт башчы белгилегендей, италиялык компания жумуштун 70 пайызын бүтүрүшү керек болчу, бирок 10 пайызы гана аткарылган, ошондуктан келишим токтотулган

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Нарын облусуна жумушчу сапарынын жыйынтыгы боюнча комментарий берди.

Төмөндө анын сүйлөгөн сөзүн кыскача келтиребиз:

«Эпкин-Дыйкан жолу Нарын облусундагы көйгөйлүү маселелерден болуп саналат.

Мен анын абалы менен жеринде тааныштым. Жолдун абалы начар. «Todini» италиялык компаниясы иштин 70 % ын аткарышы тийиш эле, бирок болгону анын 10%ы аткарылган. Компания менен келишим 2020-жылдын 1-декабрында бузулган. Транспорт министрлигине эки ай ичинде тендер жарыялап жана өткөрүү тапшырылган. Андан соң курулуш иштерин баштоо зарыл. Бул түндүк менен түштүктү бириктирүүчү 70 км жол болуп саналат.

Биз 24 айдан соң, башкача айтканда 2022-жылдын соңуна дейре жолдун курулушу бүткөрүлөт деп ишенебиз.

Мындан тышкары, мен жергиликтүү калк менен жолугуштум, анда мектептерди жана мектепке чейинки мекемелердин курулушу, таза жана сугат суу менен камсыздоо сыяктуу көйгөйлүү маселелер талкууланды. Мен ошондой эле Кочкор районунун Туз айылында болдум, ал жердеги курулуп жаткан мектеп менен тааныштым. Ал 75% даяр, аны жыйынтыктоо үчүн быйыл 16 млн сом бөлүнүп берилет. Мектептин курулушу жылдын аягына чейин бүткөрүлөт.

Белгилей кетсем, Өкмөт аймактын тургундары тарабынан көтөрүлгөн бардык маселелерди чечүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт»

Өкмөттүн маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх