Улукбек Марипов Өзбекстанга жумушчу иш сапары менен келди
Кыргызстандын премьер-министри Шавкат Мирзиеев менен жолугушат
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Өзбекстан Республикасына эки күндүк жумушчу сапары менен келди.
Жумушчу сапардын алкагында Өкмөт башчы Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасы ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча Биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын IX кеңешмесине катышат.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиеев менен жолугушат, ошондой эле Ташкент шаарында жайгашкан бир катар өнөр жай жана инновациялык ишканалардын иши менен таанышат.
Өкмөттүн басма сөз кызматы
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз