Прокуратура буга чейин Папан суу сактагычынын балансында турган үч бөлмөлүү батирди мамлекетке кайтарып берди
Мамлекеттик ишкананын мурунку башчысы кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз менчиктештирген
Текшерүүнүн жүрүшүндө Ош облусунун прокуратурасы тарабынан үч бөлмөлүү батир 2017-жылы «Папан суу сактагычынын башкармачылыгы» мамлекеттик ишканасына тийешелүү экендиги аныкталды. С.Ибраимов ”аттуу түштүк борбордо жайгашкан, 184,5 миң сомго ошол кезде ишкананы жетектеген адам мыйзамсыз менчиктештирип алган.
Белгиленгендей, аталган кыймылсыз мүлктүн учурдагы базар баасы 3 миллион 550 миң сомду түзөт.
Аталган батирди кайтарып берүү үчүн, Ош облустук прокуратурасы сотко доо арыз менен кайрылган.
Соттук экспертизанын жыйынтыгы боюнча прокуратуранын доо арызы толугу менен канааттандырылып, батирди менчиктештирүү жөнүндө чечим жана андан кийинки сатуу-сатып алуу келишимдери жараксыз деп табылды.
Облустук прокуратуранын 2021-жылдын 11-мартындагы буйругунун негизинде, кыймылсыз мүлк жогоруда аталган ишкананын балансына кайтарылган.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Фото www