Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Камчыбек Ташиев: Марат Аманкулов мыйзам алдында жооп берет

УКМКнын төрагасы ЖКнын депутаты буга чейин бюджетке белгилүү сумманы төлөп келгенин айткан

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында парламент депутаты Марат Аманкулов мыйзам алдында жооп бере тургандыгын билдирди.

"Ага кылмыш иши козголду" деп эскертти өлкөнүн башкы коопсуздук кызматкери. - Ал сөзсүз түрдө мыйзам алдында жооп берет. Кечээ Аманкулов бюджетке бир аз сумма төлөп берди.

Парламентарий суракка чакырылган-чакырылбаганы азырынча белгисиз. Буга чейин УКМКнын басма сөз борбору Vesti.kg сайтына да бул суроого жооп берген эмес.

Эскерте кетсек, 19-мартта УКМК ЖКнын депутаты Марат Аманкулов мамлекеттик кызматта жүргөндө мыйзамсыз байыгандыгын билдирген. Коопсуздук кызматкерлери активдерди аныкташты, алардын жалпы наркы 1,5 миллиард сомдон ашкан.

Медина Купсулдаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх