Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өзбекстанда былтыркы Сохтогу тополоңдун катышуучулары соттолду

22 адамдын эркиндиги чектелди

Баткен облусунда жайгашкан Өзбекстандын Сох эксклавындагы башаламандыктын катышуучулары Өзбекстанда соттолду. Бул тууралуу өзбек маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Журналисттердин айтымында, Фергана облустук соту 18-мартта кылмыш ишинин 22 катышуучусуна өкүм чыгарды. Эки адам беш жыл жалпы режимдеги колонияда, 18 адам төрт жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, эки жашы жете электер эки жылга эркинен ажыратылды.

Соттолгондордун бардыгы тең "Башаламандык" беренеси боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды. Ошол эле учурда бардык катышуучуларга "Жеңил жазаны дайындоо" беренеси колдонулган.

Сот ошондой эле Фергана облустук ички иштер башкармалыгынын пайдасына тилектештик менен соттолгондордон 9,9 миллион сум материалдык чыгым өндүрүп алууга чечим чыгарды.

Эске салсак, былтыр 31-майда Кыргызстандын Баткен облусунда, Өзбекстандын Сох эксклавы менен чектешкен жерде Сох анклавынын Чашма өзбек айылы менен Чечме айылынын тургундарынын ортосунда жаңжал чыккан. Андан кийин айыл тургундары булакты суу менен бөлүшүшкөн жок. Чыр-чатак тополоң менен аяктап, адамдар жабыркап, бир нече үй өрттөнүп кеткен.

Кыргызстан тараптан кагылышта 25 адам жаракат алды, алардын төртөө оор жаракат алышты. Өзбек маалымат каражаттарынын билдиришинче, коңшу мамлекеттен 187 адам ооруканага жаткырылган, алардын үчөө октон жаракат алышкан.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх