Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Кыргыз Темир Жолунун" директору Василий Дашков кызматтан кеттиби?

Ишкананын басма сөз кызматы азырынча эч кандай комментарий бере албайбыз деп жооп берди

"Кыргыз Темир Жолунун" директору Василий Дашков өз арызы менен кызматтан кетти. Мындай маалымат Интернетте активдүү жайылууда.

- Мына ызылдап жатып кетирдик Дашковду ураа, күч биримдикте, - деп жазылган басылмада.

Vesti.kg сайтынын редакциясы "Кыргыз темир жолу" ишканасынын басма сөз кызматы менен байланышты. Маалымат ал жерде тастыкталган жок, бирок төгүндөлгөн да жок.

- Азырынча биз комментарий бере албайбыз жана анын кызматтан кеткенин же кетпегенин айта албайбыз, - деп жооп берди "КТЖ". - Биз эч жерде расмий түрдө кулактандыруу жарыялай элекпиз, андыктан биз дагы маалымат бере албайбыз.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх