Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алмазбек Бейшеналиев чет өлкөлүк кесиптештерине пандемия учурунда Кыргызстандагы билим берүү процесси жөнүндө айтып берди

114 мамлекеттин билим берүү министрлери билим берүү процессин калыбына келтирүү маселелерин талкуулашты

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев "COVID менен бир жыл: бүгүнкү муун үчүн катастрофанын алдын алуу үчүн билим берүүнү калыбына келтирүү приоритети" деген темада онлайн жолугушууга катышты.

Дүйнөнүн 114 өлкөсүнүн билим берүү министрлери катышкан жогорку деңгээлдеги онлайн жолугушуу ЮНЕСКО тарабынан уюштурулган.

Бул жолугушуунун максаты билимге жана фактыларга таянган жана билим берүү уюмдарынын ишин калыбына келтирүү процессин калыптандыруу үчүн болуп көрбөгөндөй кырдаалда натыйжалуу көп тараптуу өз ара аракеттенишүү жана кызматташтык менен колдоого алынган.

Жолугушууда министрлер COVID-19 пандемиясынын шартында орто мектептердеги окуу процессин уюштуруу жана аралыктан окутуу тажрыйбасы менен бөлүштү.

Бейшеналиев “Мектептердин ишин улантуу, артыкчылыктуу багыттарды аныктоо жана мугалимдерге колдоо көрсөтүү” деген темада сүйлөгөн сөзүндө, биздин өлкөдө билим берүү мазмуну онлайн форматка өткөрүлүп, 7000ден ашуун видео сабактар ​​даярдалгандыгын, алар график боюнча 2 мамлекеттик телеканалда көрсөтүлүп жаткандыгын айтты.

Бейшеналиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү республиканын аймагындагы билим берүү мекемелерин жабуу жөнүндө бир жалпы буйрукту берүүдөн баш тартып, анын ордуна жергиликтүү бийлик органдарына жеринде эпидемиологиялык кырдаалга жараша окутуу процессин токтото туруу чечимин кабыл алууга мүмкүнчүлүк бергендигин баса белгиледи.

Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх