Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ташиевдин Чечме булагы боюнча билдирүүсү чек арадагы тургундардын тынчын алды

"Чечме булагы бизге көп жылдардан бери таандык болуп келген. Ата-бабаларыбыз бул жерди өз урпактарына калтыруу үчүн кан төгүшкөн "

Баткен облусунун Кадамжай районунда жайгашкан Чечме булагын Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары бөлүшүп алышат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Бирлик айылында жергиликтүү тургундар менен жолугушууда билдирди.

"Баткен облусундагы Чечме булагын биздин өлкөнүн жана Өзбекстандын жашоочулары биргелешип колдонушат" деп баса белгиледи атайын кызматтын башчысы. - Булак ачык болот, чек аралар болбойт. Бардык чек ара маселелерин чечтик, бирок Чечма булагы эч кимге өткөн жок. Мурдагыдай колдонобуз, эч кандай чыр чыкпайт. Биз тараптан биз булак биздики экендигин тастыктаган документтерди бергенбиз, ал үчүн өзбек тарап дагы документтерин берген. Биз чек ара маселелерин жабык эшик артында чечпейбиз, ошондуктан мен сиздерге чечимди ачык айтып жатам.

Буга жооп катары айыл тургундары тынчсыздануусун билдиришти.

"Чечме булагы бизге көп жылдар бою таандык болуп келген", - дешти элдер. «Биздин ата-бабаларыбыз бул жерди өз урпактарына калтыруу үчүн кан төгүшкөн. Акыркы жыйырма жылдан бери бул аймакта эч качан өзбектер жашаган эмес. Булакты колдонууга эч бир жоокер тыюу сала албайт. Буга чейин алар бизден колдонууга ар дайым уруксат сурап келишкен, андан кийин мурунку бийликтен кимдир бирөө чек ара тилкелерин өзгөртүү үчүн кол коюп берген экен. Биз алардын менталитетин билебиз жана эртең былтыркы май айындагы окуялар кайталанбайт деп эч ким кепилдик бербейт. Алар келип суу ичишсин, бирок биз чек араларыбызды коргошубуз керек.

Ташиев бул маселени  чечебиз, бирок убакыт талап кылынат деп жооп берди.

"Ооба, Чечме булагында кимдир бирөө ушундай чечим кабыл алган, бирок силер менден ушул көйгөйдү азыр чечишимди каалап жатасынар" деди өлкөнүн башкы коопсуздук кызматкери. - Бул маселени чечебиз, бирок бизге убакыт керек.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх