Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Талаштуу "Мекеним Кыргызстан" партиясынын лидери Мирлан Бакиров ММБФнин башчысы болуп дайындалды

Тийешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ММБФнын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 29-мартта өкмөт башчы Улукбек Марипов тиешелүү буйрукка кол койду.

Фонддун мурунку башчысы Жылдызбек Исакулов ушул жылдын февраль айында кызматтан кеткен.

Мирлан Бакиров 2020-жылдын октябрь айында Бажы кызматынын башчысынын экс-орун басары Райымбек Матраимов менен байланышкан чуулгандуу "Мекеним Кыргызстан" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх