Садыр Жапаров парламентке Жогорку Соттун жетекчисин кызматтан кетирүүнү сунуштады
Маселе күн тартибине киргизилди
Президент Садыр Жапаров парламентке Жогорку Соттун төрагасы Гүлбара Калиеваны убактылуу кызматтан кетирүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматов ЖКдагы отурумунда билдирди.
Жыйынтыгында бул маселе күн тартибине киргизилди.
Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку соттун башчысын ээлеген кызматынан бошотуу сунушун президентке жөнөтүү чечими кабыл алынган.
Эске салсак, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Гүлбара Калиева кылмыш иши боюнча айыпталуучу экендигин билдирди.
Ага байланыштуу, "Жергиликтүү сот" автоматташтырылган маалымат тутумун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү учурундагы коррупция фактысы боюнча сотко чейинки тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Мираим Алмаспек Кызы
сүрөт www