Чыныбай Турсунбеков фонду сынак жарыялайт
Байге фонду 200 000 сомду түзөт
Каза болгон депутат Чыныбай Турсунбековдун фонду жаш акындар арасында "Жаш толкун" поэзия сынагын жарыялайт.
Сынак Кыргызстан Улуттук Жазуучулар Союзу менен биргеликте уюштурулуп жатат.
Белгиленгендей, сынакка 18 жаштан 35 жашка чейинки акындар катыша алат.
Байге фонду 200 000 сом:
гран-при - 100000 сом;
биринчи орун - 50 000 сом;
экинчи орун - 30 000 сом;
үчүнчү орун - 20000 сом.
Сынак жөнүндө кеңири маалыматты Жазуучулар союзунун сайтынан табууга болот деп көрсөтүлгөн.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз