Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бүгүн БШК Марат Аманкуловду депутаттык мандатынан ажыратуу маселесин карайт

БШК депутат Мирлан Бакировдун дагы ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечим кабыл алат

Бүгүн, БШКнын жыйынында парламент депутаты Марат Аманкуловдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселеси каралат. Бул пункт БШКнын бүгүнкү отурумунун күн тартибине киргизилген.

Күн тартибиндеги маселелердин толук тизмеси төмөнкүчө:

1. Жогорку Кеңештин депутаты М.А.Аманкуловдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө.

2. Жогорку Кеңештин депутаты М.Бакировдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө.

3. 2021-жылдын 26-мартында өткөрүлгөн Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыктары жана шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду бекитүү жөнүндө.

4. Жогорку Кеңештин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү жөнүндө

5. "Бир Бол" Мамлекеттик биримдик жана патриоттуулук саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жөнүндө Малабаев Медербек Муратбекович

6. "Бир Бол" Мамлекеттик биримдик жана патриоттуулук саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жөнүндө Султанов Марат Сейитбаевич

7. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Мыйзамдын долбоору боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) эл аралык байкоочулардын аккредитациясы жөнүндө.

8. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунда (жалпы элдик добуш берүүдө) үгүт иштерине катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана Интернет басылмаларын аккредитациялоо жөнүндө

9. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдумга (жалпы элдик добуш берүүгө) "макул"№1 үгүт тобунун каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө

10. "Ак-Тан Би" коомдук фондунун 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү ниети жөнүндө кабарлоо жөнүндө.

11. "Гүлнур вей" коомдук фондунун 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү ниети жөнүндө кабарлоо жөнүндө.

12. Ар кандай

БШКнын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх