Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Башкы прокуратуранын жетекчилиги жарандар менен жолугушуу өткөрдү (сүрөт)

Элдер укук коргоо органдарынын мыйзамсыз иш-аракеттерине, соттук териштирүүлөрдүн негизсиз создуктурулушуна ж.б.у.с. арызданышты

Бүгүн Башкы прокуратурада көзөмөл органынын жетекчилиги тарабынан жарандарды кабыл алуу болуп өттү.

Кабыл алуунун жүрүшүндө тергөө, укук коргоо органдарынын айрым жарандарга карата мыйзамсыз иш-аракеттерине, соттук териштирүүнү негизсиз создуктурууга, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө байланыштуу талаш-тартыштарга байланыштуу ар кандай талаптар каралды.

 

Ар бир кайрылууну тыкыр карап чыгуу үчүн бөлүм башчыларынан тышкары, жарандарды онлайн режиминде видео байланыш аркылуу кабыл алуу учурунда Ош облусунун прокуратурасынын жетекчилиги жыйынга катышты.

Башкы прокуратуранын жетекчилиги тарабынан кабыл алуунун жыйынтыгында тиешелүү бөлүмдөрдүн кызматкерлерине конкреттүү тапшырмалар берилди.

 

Жарандардын кайрылуулары менен иштөө прокуратура органдарынын ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири экендигин белгилейбиз.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх