Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Александровкада жергиликтүү аткаминерлер таштанды төгүлүүчү жерди тазалоо боюнча жасалма келишимге кол коюшту

УКМК мыйзамсыз иштетилген каражаттар буга чейин мамлекеттик бюджетке кайтарылып берилгендигин билдирет

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет коррупцияны жана бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдаланууну ооздуктоо боюнча иш-чараларынын алкагында Москва облусунун Александровский айыл аймагынын экс-башчысы Б.И.Ю жана "Александровка" ("Таза-Айыл") ЖКнын башчысы Н.С.А тарабынан кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланган фактыларды аныктады.

Бул адамдар 2020-жылдын сентябрь айында Москва районунун Александровка айылындагы таштанды полигонун рекультивациялоо жана тазалоо боюнча жасалма келишимге кол коюшканы аныкталды.

Натыйжада, мамлекеттин кызыкчылыгына 1,1 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Бул факт КЖБРде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 1-бөлүмү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча катталган. 2021-жылы 26-мартта жаран Б.И.Ю. мурда бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды мамлекеттин пайдасына 1,1 млн сомдон ашык суммада толугу менен кайтарып берди.

Учурда УКМК ушул сыяктуу бюджеттик каражаттарды уурдоо фактыларын аныктоо боюнча тиешелүү чараларды улантууда.

УКМКнын пресс-борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх