Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Ата Журт Кыргызстан" партиясы пандемия учурунда концертке байланыштуу эскертүү берди

Бишкек АШК "Ишеним" партиясынын мыйзам бузуу фактысын аныктады

Бишкек АШКга "Ишеним" саясий партиясы тарабынан шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы, тактап айтканда, талапкерлер жана "Ишеним" саясий партиясынын лидери тарабынан "Ынтымак" сейил багына жашыл аянттарды отургузгандыгы жөнүндө арыз келип түшкөн. Кайрымдуулук критерийлери боюнча. Бишкек АШКсы бул аракеттерди шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелерин бузуу деп эсептеп, Ишеним партиясына кат жүзүндө эскертүү берди.

Жеңиш аянтында, "Ата Журт Кыргызстан" саясий партиясы эстрада жылдыздарынын катышуусунда массалык концерттик иш-чара өткөрүү фактысы боюнча, Бишкек АШКнын чечими менен "Ата Журт Кыргызстан" саясий партиясына жазуу жүзүндө эскертүү берилди. Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумду даярдоодо жана өткөрүүдө санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана жарандардын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун жана ден-соолугун коргоону камсыз кылуу боюнча иш-аракеттердин Алгоритмин бузуу.

БШКнын басма сөз кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх