Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жанар Акаев: Көпчүлүк депутаттар Атамбаев менен тымызын жолугушуп, ага тамак киргизишет

Парламентарийдин айтымында, экс-президент кыргыз чиновниктерин кошуна мамлекеттерден жардам суроого уруксат берген эмес

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев status.kgге берген маегинде экс-президент Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшкөнүн айтты.

Парламентарийдин айтымында, ал Рыскелди Момбеков менен түрмөдөгү экс-мамлекет башчысына барган.

«Биз аны менен жай отуруп сүйлөштүк. Мен бул адам чындыгында ооруп жаткандыгын көрдүм. Ал көпкө отура алган жок. Анын айрым оорулары күчөп кетиптир. Бир чети мурунку президентибиз, мурда өлкөнү жетектеген адам оттун жанында жылынып отурганына ичим ачышты. Ал мага өзүнүн башкаруу мезгилинде кетирген каталары жөнүндө айтып берди, күнөөсүн мойнуна алды. Ал мага КСДП фракциясынан  ката кетиргенин мойнуна алды. Кийин белгилүү болгондой, көптөгөн депутаттар, анын ичинде белгилүү адамдар дагы деле болсо аны менен тымызын жолугуп, тамак киргизишет. Себеби, Атамбаевдин саясий салмагы бар.

Бир нерсени моюнга алышыбыз керек - Атамбаевдин убагында көптөгөн ири долбоорлор башталган - Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушу, Датка-Кемин жылуулук электр борборун реконструкциялоо. Айрымдары (долбоорлор) бүттү. Атамбаевден кийин келген президенттер бир дагы ири долбоорду башташкан жок, мындай ниеттер жөнүндө дагы айтышкан жок. Тескерисинче, биз өз күчүбүз менен эч нерсе кыла албайбыз дешип, андан айырмаланып,  коңшу мамлекеттерге жардам сурап барышат. Бул биздин сыймыгыбыз. Атамбаев буга жол берген жок. Өзбекстан Ош шаарында газды өчүргөндө, биз кыштан чыгабыз жардам сурап барбайбыз деп айткан », - деди депутат.

Эске салсак, башка күнү Биринчи май райондук соту Алмазбек Атамбаевди ИК-47де 7-июнга чейин калтыруу чечимин кабыл алган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх