Сыймык Жапыкеев бүгүн жаңы милдеттерин баштады
Мамлекеттик ЭКККнын экс-жетекчисин Ысык-Көл облусунун прокурору кызмат ордуна дайындоо буйругу 30-мартта чыккан
Сыймык Жапыкеев бүгүн жаңы милдеттерин баштады. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Башкы прокуратурадан билдиришти.
Эскерте кетсек, 5-мартта ЭКККМК жоюлганы белгилүү болгон. Тийиштүү чечим премьер-министр Улукбек Марипов тарабынан кабыл алынып, аталган кызмат коррупциялашып, натыйжасыз болуп калгандыгын белгиледи.
Сыймык Жапыкеев 12-мартта, президенттин жарлыгына ылайык, Каржы полициясынын генерал-майору атайын наамына ээ болду.
30-мартта Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалгандыгы белгилүү болду.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз