Криминалдык авторитет Лемонтидин өлүмү боюнча иш Биринчи Май райондук сотуна өткөрүлүп берилди
Бүгүн биринчи отурум болот
Лемонти лакап аты менен белгилүү кримавторитет Алмаз Сулаймановду өлтүрүү боюнча кылмыш иши Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна өткөрүлдү. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маркумдун жубайы ишти кароону башка жакка өткөрүү өтүнүчүн билдиргени такталды.
Бүгүн борбор калаанын Биринчи Май райондук сотунда биринчи отурум болот.
Эске салсак, Нарында 2020-жылы 28-мартта ИИМдин имаратынын жанында белгилүү Лемонти аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү өлтүрүлгөн. Ошол эле күнү адам өлтүрүүгө шектүү полиция бөлүмүнө криминалдын сөөгүн алып келип, күнөөсүн мойнуна алган. Белгиленгендей, 26 жаштагы Т.Ш. - 90-жылдары каза болгон Имаш Шамиевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү. Жигит атасынын өчүн алганын айтты. Сулаймановго кеминде 14 бычактан жаракат келтирилгени белгилүү болду.
Буга чейин иш Нарын шаардык сотунда каралган.
Вероника Малышева
Сүрөт www