Депутаттар Никитенко, Бекешев жана Мамашова ИИМ башчысын кызматтан кетирүү боюнча сунуш киргизишти (видео)
Аялдарга карата зомбулукка каршы митингге эл өкүлдөрү кошулду
Жогорку Кеңештин депутаттары Наталья Никитенко, Дастан Бекешев жана Айсулуу Мамашова Ички иштер министри Улан Ниязбековдун кызматтан кетишин талап кылышат.
Никитенконун айтымында, бир дагы кыз ала качууга жана кордукка кабылбашы керек.
Мындан тышкары, ал бүгүн Ички иштер министрлигинин башчысы Улан Ниязбековду кызматтан алуу боюнча сунуш киргизгендигин баса белгиледи.
Ал арада демонстранттар Ички иштер министринин кызматтан кетишин талап кылышууда.
Элдос Казыбеков
Сүрөт, видео Vesti.kg
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз