Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

БШК КРнын Конституциясынын долбоорун Брайл шрифти менен басып чыгарат

"КРнын Конституциясы жөнүндө" Мыйзамдын долбоорунун электрондук варианты менен кайдан таанышса болот?

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуунун алкагында Брайл шрифти менен өтмө жоболору камтылган Конституциянын долбоорун чыгарды.

Бардык нускалар майыптар менен иштеген уюмдардын ортосунда бөлүштүрүлдү.

БШК тарабынан шайлоо укуктарын камсыз кылуу жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын коомдун саясий турмушуна катышуусун кеңейтүү боюнча бардык зарыл болгон уюштуруу чаралары туруктуу негизде жүргүзүлүп турары белгиленип, мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочуларга атайын форматта маалымат берүү туруктуу практика болуп саналат. 2015-жылдан бери Брайл шрифти менен жаңылыктарды чыгаруу практикаланып келе жатат.

Мындан тышкары, 2021-жылдын 11-апрелине белгиленген референдумду уюштуруу жана өткөрүү учурунда референдумдун катышуучуларына маалымат берүү максатында БШК Конституциянын долбоорун "Эркин-Тоо" гезитине 1100000 нуска менен жарыялады.

"Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун электрондук версиясы БШКнын расмий сайтында "БШКнын отчеттору" бөлүмүндө https://shailoo.gov.kg/ru/faq/ жарыяланган /

БШКнын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх