Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК: Мира Жээнбекова көптөгөн мүлктөрдү мыйзамдуу киреше булактары жок эле алган

Сотко таандык башка декларацияланбаган мүлктөрдү аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети судьялар тарабынан мыйзамсыз баюу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, Бишкек шаардык сотунун Жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьясы Ж.М.Бга карата, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 323 "Мыйзамсыз баюу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Судья Ж.М.Б., кирешелеринин мыйзамдуу булактары жок болгондуктан, көптөгөн мүлктөрдү, анын ичинде элиталык кыймылсыз мүлктү жана бир катар коммерциялык объекттерди, тактап айтканда, 74 элиталык батирлерди, 19 соода жайларын, 10 унаа токтотуучу жайларды, ошондой эле кымбат баалуу жерлерди алтын квартал деп аталган аймактан алгандыгы аныкталды. 

Ошол эле учурда, кылмыш жолу менен алынган кыймылсыз мүлктүн изин жашыруу максатында, судья Ж.М.Б., жакын туугандары жана башка муляждар үчүн керектүү сатуу-сатып алуу келишимдерин түзүп берген, алар өз кезегинде мыйзамдуу кирешелеринин тастыкталган мыйзамдуу булактарына ээ болушкан эмес.

Учурда судья Ж.М.Бга таандык башка декларацияланбаган кыймылсыз мүлк объекттерин аныктоо боюнча бир катар тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетүүчү жагдай, тиешелүү текшерүүлөрдүн жана экспертизалардын жыйынтыгы боюнча, кылмыш ишинин зарыл материалдары кылмыш ишин козгоого макулдук алуу үчүн, кийинчерээк Соттор кеңешинин алдындагы тартип комиссиясына берүү үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлөт.

 

Пресс-центр ГКНБ
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх