Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы COVID-19 белгилери бар жарандарга кантип добуш берүү керектигин айтып берди

Коронавирустук инфекциянын белгилери бар шайлоочуларга кечинде шайлоо участкаларына келүү сунушталат

Саламаттыкты сактоо министрлиги жана БШК шайлоо жана референдумдарды даярдоодо жана өткөрүүдө санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жарандардын ден-соолугун коронавирустан сактоо боюнча иш-чаралардын алгоритмин иштеп чыгышты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев брифингде билдирди.

Ал белгилегендей, ар бир шайлоо участогуна дарыгерлер жана тез жардам кызматы бөлүнгөн.

Бейшеналиевдин айтымында, аймактык шайлоо комиссиялары ооруканалардагы катуу ооруп жаткан бейтаптардын тизмесин берген.

"Эгерде сизде сасык тумоо же коронавирустук инфекциянын белгилери бар болсо, анда шайлоо участкаларына саат 18.00дөн кийин келгениңиз оң" деп Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы кеңеш берди. - Мындан тышкары, идентификация убактысын эске албаганда, маска кийип, аймакта жүргөндө аны чечпеш керек. Аралыкты сакташыңыз керек "деди.

Фото ww

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх