Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сооронбай Жээнбеков унчукпай жүргөнүнүн себебин түшүндүрдү

"Жеке мен тууралуу эмне дешсе да көтөрөм, чыдайм"

Кыргыз Республикасынын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы №1327 шайлоо участогунда добуш берди.

Социалдык тармактагы жеке баракчасында мурунку мамлекет башчысы өзүнүн жарандык милдетин аткаргандыгын белгиледи.

“Бүгүн шайлоо күнү. Бул күнү үгүт жүргүзүүгө тыюу салынган. Буга кошумча – ар бир жаран кимге добуш бергенин купуя сыр катары сактоого укуктуу. Негизгиси – бүгүнкү жарандык милдетимди аткардым”, - деди ал.

Ошону менен бирге коомчулукта, журналисттерде ага, экс-президент катары суроолор көп экендигин кошумчалады.
 
Сооронбай Жээнбеков шайлоо боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, төмөндөгүлөрдү белгиледи:
“Бүгүн шайлоо күнү. Бул күнү үгүт жүргүзүүгө тыюу салынган. Буга кошумча – ар бир жаран кимге добуш бергенин купуя сыр катары сактоого укуктуу. Негизгиси – бүгүнкү жарандык милдетимди аткардым”, - деди ал.
 
Ошону менен бирге коомчулукта, журналисттерде ага, экс-президент катары суроолор көп экендигин кошумчалады.
“Жеке менин дарегиме да ар кыл ойлор, калп-чыны аралаш пикирлер айтылып келет. Мен мунун баарын угуп, көрүп, анализдеп жатам. Албетте, менде айтылчү сөздөр көп. Бирок, азыркы кырдаалда менин сүйлөп, саясатчылар менен талашып-тартышып, диалогго аралашканыма караганда, унчукпай турганым – өлкө үчүн чоң пайда. Анткени, саясий туруктуулук жаңыдан бекемделип келатат. Менин айтканым, дегеним, кырдаалга таасир этпей койбойт. Саясий чайкоочулук кылчулар да жок эмес. Мен ошого жол бергим келбейт”, - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
 
“Жеке мен тууралуу эмне дешсе да көтөрөм, чыдайм. Өлкөдөгү саясий туруктуулук, эл биримдиги мен үчүн баарынан кымбат. Дүйнөдө, биздин мамлекетте коронавируска байланыштуу экономикалык абал жеңил эмес. Дагы башка маселелер көп. Мамлекет жетекчилиги колунан келишинче иштеп жатат. Өлкөдөн өткөн дөөлөт жок. Ошондуктан, баарыбыз тең азыр саясатты азайтып, жаратмандыкка басым жасашыбыз керек. Менин унчукпай келаткандыгымдын негизги себеби – ушул. Буйруса, сүйлөшүүгө дагы мүмкүнчүлүктөр болот”, - деп жыйынтыктады экс-президент.
 
Сооронбай Жээнбеков мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, кыргызстандыктарды Орозо айынын башталышы менен куттуктады.
 
Фото www
 
 
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх