Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Марипов кичинекей Аруузатты дарылоого бир айлык маянасын жана 100 миң сомдон ашык каражат бөлгөн

Ымыркайга кымбат баалуу дары үчүн шашылыш түрдө чоң суммадагы акча керек

Аруузаттын дарылануусуна премьер-министр Улукбек Марипов жүз миңден ашуун каражат бөлдү. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматынын өкүлү Толкун Камчыбекова билдирди.

"Улукбек Марипов бир айлык маянасын Аруузатты колдоо үчүн бөлүп берди", - деди Толкун Камчыбекова. - Ошондой эле, министрлер кабинетинин башчысы премьер-министрдин резервдик фондунан жүз миң өлчөмүндө каражат бөлдү.

Буга чейин Фейсбуктагы баракчасында премьер-министр Улукбек Марипов Аруузатка колдоо иретинде бир айлык маянасын котороорун айткан.

«Бизде кыйын мезгилде биригип, жардамга муктаж адамдарга жардам бере турган алтын элибиз бар. Бул үчүн мен абдан ыраазымын », - деди ал.

Эки жаштагы Аруузаттын омуртка булчуңдарынын атрофиясы бар экендигин, бул өтө тез өнүгө тургандыгын белгилей кетүү керек: убакыттын өтүшү менен адамдар  отуруу, туруу, кыймылдоо, жутуу жана дем алуу мүмкүнчүлүктөрүнөн ажырап калышат.

Кыздын ата-энеси Жылдыз жана Бакай Ташматовдор камкор адамдардан дүйнөдөгү эң кымбат баалуу дары - золгенсмага каражат чогултууга жардам сурашат. Анын баасы 2 миллион 382 миң 200 доллар, сом менен айтканда 195 миллион доллар.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх