Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте Юрий Гагариндин эстелиги орнотулду (сүрөт)

№25 мектептин аймагында советтик космонавттын бюсту орнотулду

Бүгүн 12-апрелде мындан 60 жыл мурда космоско биринчи советтик космонавт учкан. 1961-жылы советтик космонавт, улук лейтенант Юрий Гагарин  космодромунан учуп чыгып, дүйнөдө биринчи жолу Жер планетасынын айланасында орбиталык учууну жасады.

Авиация жана космонавтика күнүнө карата шаар тургундары борбор шаарга белек тапшырышты - №25 мектептин аймагында СССРдин учкуч-космонавты, Советтер Союзунун Баатыры Юрий Алексеевич Гагариндин бюсту орнотулду.

Эстеликтин ачылышына шаардыктар, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын гуманитардык өнүгүүнү көзөмөлдөө жана жарандык коом институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев, КР ЖКнын депутаттары, Россиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси  Николай Удовиченко, борбордун вице-мэри Айжан Чыныбаева жана "Маданият диалогу - бир дүйнө" жана "Саякбай манасчы" эл аралык коомдук фонддорунун өкүлдөрү катышты.

 

 

 

Бишкек мэриясы бул сонун долбоорго катышкандардын бардыгына чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет. Демилге үчүн эл аралык коомдук фонддордун өкүлдөрүнө, сүрөтчүлөрү менен скульпторлоруна жасаган иштери үчүн рахмат.

Бардык жарандарды, ошондой эле авиацияга байланыштуу адистерди жана космонавтика күнү менен куттуктайбыз! Сизге башыңыздын үстүндө тунук жана ачык асман, чың ден-соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди каалайбыз!

Бишкек шаардык мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх