Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сот Текебаевди актаган чечим чыгарды. Прокуратура айыптоолорду алып салган

Леонид Маевскийден мыйзамсыз алынган миллион доллар иши жабылды

Прокуратура экс-депутат Өмүрбек Текебаев жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мурдагы башчысы Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча мамлекеттик айыптоону колдоодон баш тартты.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Ж.К.нын экс-депутаты Өмүрбек Текебаев менен мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш иши боюнча сот процесси жүрүп жатат.

Аларга коррупциялык  тактап айтканда, Россия Федерациясынын жараны Леонид Маевскийден Alfa Telecom  ЖАК компаниясынын жетекчилигине өзүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүн киргизгендиги үчүн мыйзамсыз түрдө 1 млн сом алган деген айып тагылган.

Дебат учурунда мамлекеттик айыптоочулар Текебаев менен Чотоновго коюлган айыптарды колдоодон баш тартышты, анткени алардын күнөөлөрү далилденбеген. Иш жабылып, Текебаев менен Чотонов акталды.

Белгилей кетсек, алар 2017-жылы сегиз жылга эркинен ажыратылган. Саясатчылар өз күнөөлөрүн мойнуна алышкан жок жана бул иш саясий куугунтук деп аталды.

Бардык инстанциялардын соттору аларды Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх