Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Курманбек Дыйканбаев УКМКнын эсебине 7 миллион сом которду

Буга чейин бул сумма камакка алынган учурда пайда болгон

Президенттин мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев УКМКнын эсебине 7 миллион сом которду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Белгилей кетсек, Дыйканбаевдин алдында Биринчи Май райондук соту баш коргоо чарасын карап, үй камагына чыгарган. Мурунку ыйгарым укуктуу өкүл УКМКнын абагынан бошотулган. Дыйканбаев 24-майга чейин үй камагында болот.

Эскерте кетсек, Курманбек Дыйканбаев 2020-жылдын 24-ноябрында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалган. Тергөө ошол жылы октябрь айында болгон шайлоо өнөктүгүндө Дыйканбаев саясий партиялардын биринин кызыкчылыгын көздөп, стратегиялык маанидеги мамлекеттик ишканалардын биринин жетекчисин өзүнө 7 миллион сомдон ашык акча которууга мажбурлаганы аныкталды. Баш тарткан учурда жумуштан кетирүү коркунучу астында.

УКМКнын маалыматы боюнча, Дыйканбаев мыйзамсыз алынган акчаны шайлоо өнөктүгү учурунда пайдаланган.

 Дастан Советбеков

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх