Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын аэропортторуна тартылган инвестициялар

MЭА жетекчилиги инфраструктурага инвестициялар бул тармакты жаңы деңгээлге көтөрөт деп эсептейт

Жарандык авиацияны жаңы деңгээлге көтөрүү максатында “Манас” аэропортунун жетекчилиги, анын ичинде башкы директору Бакыт Шаршеев негизги багыт катары инвесторлорду тартууга басым коет. Бул өңүттө “Манас” аэропортунда учуу тилкесин модернизациялоо жана жүк ангарларын куруу боюнча келишим түзүлсө, аймактык “Кербен” аэропорту “Eti Bakir Tereksay” түрк компаниясы менен учуу тилкесин жаңылоо боюнча меморандумга кол койду. Ал эми эл аралык “Ош” жана “Тамчы” аэропортторунда потенциалдык инвесторлор менен таанышуу иретинде жолугушуулар өттү. Бул инвесторлор өлкөбүзгө “Президенттин КРдин экономикасына инвестиция тартуу” программасынын алкагында келишкен.

“Манас” эл аралык аба майданы” ААКсы атамекендик инвесторлор менен да жакындан кызматташып, алар менен жүк туруучу ангарларды куруу боюнча келишим түзгөн. Бул долбоордун ишке ашуусу менен жүк ташуучу жана логистикалык компанияларды тартуу жеңилдемекчи.

Компания кирешесин көбөйтүү үчүн аэропорт жаңы үлгүдөгү техника менен жабдылып, учак учуучу жана конуучу тилкелелр эл аралык стандартка жооп бериши керек. Аны ишке ашыруу – инвесторлор менен тил табышып, аларды ири долбоорлорго тартуу менен байланыштуу. “МЭА” ААКнын жектечиси Бакыт Шаршеев иштин көзүн таап, бул багытта бир топ иштерди жүргүзүүдө: “Биздин аэропорттор чындыгында капиталдык инвестициялык салымга муктаж. Көптөгөн түрк, кытай жана орусиялык инвесторлор менен активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз. Андан жакшы жыйынтык чыгарып, биздин өлкө үчүн ыңгайлуу шарттарга жетишүүгө аракеттенүүдөбүз. Президентибиз Садыр Жапаров Кыргызстанды инвестицилык жактан жагымдуу өлкөгө айлантуу үчүн активдүү иш жүргүзүүдө, бул бир адамдын гана колунан келбейт, ага бардыгыбыз көмөк көрсөтүшүбүз керек.”

 "Манас" эл аралык аэропортунун расмий сайты

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх