Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сот Атамбаевдин ден-соолугунун абалын аныктоо үчүн ага соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү чечимин чыгарды

Мурунку мамлекет башчынын адвокаты судья өзүнүн иш-аракеттери менен №47 колониянын башкы дарыгерине ишенбөөчүлүк көрсөтүүдө деп эсептейт

Экс-президент Алмазбек Атамбаев ден-соолугунун абалын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертизадан өтөт. Бул маалыматты Vesti.kg сайтына анын адвокаты Замир Жоошев тастыктады.

Анын айтымында, Атамбаевдин ден-соолугун текшерүүнү чечкен судья №47 ИКнын башкы дарыгерине ишенбөөчүлүк көрсөттү.

- Биринчи Май райондук сотунун судьясы Азирет Медеров экспертиза дайындоо маселесин өз демилгеси менен көтөрдү, - деп түшүндүрдү Жоошев. - Атамбаевге окшоп №47 түзөтүү колониясында отурганда, ден-соолугунда эч кандай жакшыруу байкалбайт. Иш жүзүндө, айыпталуучу айыгып кетмейинче, процессти токтотуу керек. Сот өзүнүн иш-аракеттери менен колониянын башкы дарыгерине ишенбөөчүлүк көрсөттү. Корутунду объективдүү болот деп ишенем.

Ошентип, экспертиза жүргүзүлүп жаткан мезгилге карата сот отурумдары убактылуу токтотулган.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх