Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Равшан Жээнбеков: Менде коронавирустун белгилери бар

Экс-президенттикке талапкер Кой-Таш окуясынын сотуна ден-соолугуна байланыштуу катышкан жок

Президенттикке мурдагы талапкер Равшан Дженбеков коронавирус инфекциясы боюнча шектелүүдө. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына саясатчы өзү билдирди.

Анын айтымында, бир нече күндүн ичинде ал инфекцияга текшерилет. Ден-соолугуна байланыштуу экс-депутат Кой-Таш окуясы боюнча сот отурумуна келген жок.

- Кечээтен бери өзүмдү жаман сезип жатам, - деп түшүндүрдү Джеенбеков. - Ушул күндөрдүн биринде коронавирустун бар-жогун текшертем. Денем ысып, чыйрыгып, жыт 50 пайызга жоголду.

Эгер COVID-19 тастыкталса, экс-президенттикке талапкер, күтүлгөндөй эле, өз үйүндө өзүн изоляцияга алууну көздөйт.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх