Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Мен бирөөнүн колунан өлгүм келбейт."Бүгүн ИИМ жанында Айзаданы эскерүү митинги өтөт

Митингчилер ИИМдин кызматтан кетишин талап кылышууда

Бүгүн 15-апрелде саат 12.00дө Бишкекте Айзада Канатбекованын уурдалышына жана өлтүрүлүшүнө күнөөлүүлөрдүн бардыгын жазалоону талап кылган акция өтөт.

Тынч акция Ички иштер министрлигинин имаратынын жанында болот (Фрунзе көчөсү, 469).

Уюштуруучулар Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында кызгылт сары ленталарды таштап, ар бейшемби сайын дарбазага байлап турабыз деп жатышат.

Эскерте кетсек, буга чейин Айзада Канатбекованы уурдап, андан соң унаада муунтушкан. Укук коргоо органдарында кызды сактап калууга толук мүмкүнчүлүктөр болгонуна карабастан, бул ишке ашкан жок.

Ошондой эле, Айзада Канатбекованын уурдалышына жана өлтүрүлүшүнө байланыштуу кызматтык иликтөөнүн натыйжасында 44 милиция кызматкери жазаланды, алардын айрымдары кызмат ордунан айрылды.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх