КРнын Юстиция министрлиги жарандарды Абхазиянын автоунааларын сатып албоого чакырат
Нотариустарга мындай автоунааларга ишеним каттарды тастыктоого тыюу салынган
Юстиция министрлиги Кыргызстандын жарандарын Абхазиянын мамлекеттик номери менен ташылып келинген автоунааларды сатып алуудан баш тартууга чакырат.
Бул билдирүүнү аталган департаменттин басма сөз кызматы билдирди.
"Бул унаалар ЕАЭБдин бажы мыйзамдарынын нормаларын бузуу менен республиканын аймагына алынып келингендиктен, каттоого алынбайт", - деп түшүндүрүштү министрликтен. "Ошондой эле, оң рулдуу унааларды Кыргыз Республикасынын аймагында баштапкы каттоого тыюу салынгандыгын билдиребиз".
Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын нотариустарына каттоодон өткөн Абхазиянын мамлекеттик номурлары менен ташылып келинген транспорт каражаттарына байланыштуу ишеним каттарды түзүү боюнча нотариалдык аракеттерди жасоого тыюу салынат.
Сүрөт www