Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК 5 миллиард сомдон ашуун каражатты мамлекеттин кирешесине кайтарып берди

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери кайтарылган каражаттарды өз муктаждыктарына пайдаланууга укугу жок экендиги белгиленди

УКМК иш-аракеттердин натыйжасында алынган бардык каражаттар толугу менен мамлекеттик бюджетке которулуп жаткандыгы жөнүндө коомчулукка маалымдайт.

Ошентип, 2020-жылдын октябрь айынан ушул күнгө чейин УКМК органдары 5 миллиард сомдон ашуун каражатты мамлекеттин кирешесине кайтарып беришти. Алардан:

- 2 миллиард - менчик түрүндө;

- 3 миллиарддан ашуун - накталай акча түрүндө.

Ошол эле учурда, бул каражаттардын бир бөлүгү учурда тергөө амалдары жүрүп жаткан кылмыш иштери боюнча тергөө иштери аяктаганга чейин УКМКнын депозиттик эсебинде топтолот. Иликтөөнүн жыйынтыгында, каражат толугу менен мамлекеттик бюджетке которулат.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 22-январында "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилген, ага ылайык, укук коргоо жана көзөмөл органдары кайтарылган каражаттарды өз муктаждыктарына пайдаланууга укугу жок.

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх