Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жол тандабас айдоочу 2 миллион сомдон ашык штативди атайылап оодарып салган (видео)

Тартип бузуучу укук коргоо органдарындагы байланыштарын колдонуп, жоопкерчиликтен качууга аракет кылат

Кечээ, 15-апрелде Кемин районунда Lexus LX 470 жол тандабас унаасынын айдоочусу жол эрежесин бузгандыгы үчүн радарды атып түшүргөн. Бул тууралуу Мамлекеттик жол коопсуздугу инспекциясынын басма сөз кызматы билдирди.

- Бообек айылында, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 90-чакырымында, Кемин районунун 37 жаштагы тургуну М.Б. өзүнүн мамлекеттик 08KG885AFJ мамлекеттик номурлуу Lexus LX470 жол тандабас унаасында «Автопатрол-Радар» мобилдик аппараттык-программалык комплексин атып түшүрүп, белгисиз тарапка жоголгон, - деп белгилейт департамент. - Унаа жолдо МАИ кызматкерлери тарабынан изи сууй электе кармалып, айып төлөөчү унаа токтотуучу жайга жеткирилип, тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. "Автопатрол-Радар" мобилдик аппараттык-программалык комплексинин баасы 2 миллион 324 миң 477 сомду түзөт.


Ал арада Vesti.kgнин өздүк булактары Кемин районунун өзүнүн кызылча заводу бар таасирдүү жергиликтүү тургун жол тандабас айдоочу экендигин кабарлашты. Ошондой эле маалымат булактары айдоочу райондук милиция менен тыгыз байланышта экендигин жана жоопкерчиликтен качып кутула аларын билдиришти.


сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх