Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жанар Акаев Кыргызстанда IT мектептерди ачуу керек деп эсептейт

Парламентарийдин айтымында, бул өлкөгө чоң келечек берет

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Фейсбукта Бишкек Баатырдын жаңы эстелиги жөнүндө комментарий берип жатып, Кыргызстанда IT мектебин ачуу керектигин белгиледи.

Баатырларыбызды эстеп, тың чыкма уулдарыбыз каражат чогултуп, эстеликтерди орнотуп жатканы жакшы, анын үстүнө ал бюджеттин акчасы эмес, коомдор миллиондогон акчаны өздөрү чогултушат эмеспи. Претензия жок дегендей.


Бирок убакыт бөлүп, Арменияда ичтеги, сырттагы акчалуу кишилер чогулуп, жаңы технологияны үйрөтчү, программист, миңдеген дизайнерлерди чыгарып жаткан IT мектеп ачышканын, ал жерде окуган балдар дүйнөдөгү мыкты компанияларда иштеп, атактуу тиркемелерди ойлоп таап жатканын да окуп койсоңор. 50 миңден ашуун бүтүрүүчү, жумуш орун жана келечек!


Бизде да бош имараттар толтура, IT адистерибиз күчтүү, балким байларыбыз да эстеликтерге миллиондоп бөлгөндөй, агартууга жана билимге каражат сарпташса, өздөрүнө келечекте эстелик тураары анык.
Байларды эле жакадан ала бергенибиз да туура эмес, алар ансыз да Кыргызстанда ишкерчилик кылуу кыйын экенин сезип жатышат. Өкмөт колго алса ылайыктуу болмок, биз өкмөт өкүлдөрүнө да көрсөткөнбүз, ишке ашып калаар келечекте. Ушуну ишке ашыра алчуларга да жеке кайрылып көрөйүн.

Жанар Акаев Арменияны мисал келтирип, "Тумо" чыгармачыл технологиялар борборун билдирген. Бул өспүрүмдөр үчүн билим берүү борбору, анимация, оюн иштеп чыгуу, веб иштеп чыгуу жана санариптик медиа деген төрт багыт боюнча тренингдерди өткөрөт. Негизги филиалы Ереванда жайгашкан, ошондой эле Москва, Париж, Бейрутта филиалдары бар.

Дастан Советбеков
Фото Vesti.kg

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх