Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЕККУ ИИМге алты кызматтык унаа тапшырды (сүрөт)

Улан Ниязбеков уюмга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди

2021-жылдын 16-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, элчи Пьер фон Аркс жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине милициянын көчмө кабылдамасы үчүн 6 автоунаа тапшырды. Ал автоунаалар Ысык-Көл облусунун Тоң РИИБне, Нарын облусунун Ак-Талаа РИИБне, Чүй облусунун Москва, Кемин РИИБне, Жалал-Абад облусунун Чаткал, Аксы РИИБне берилди.
“Коомдук коопсуздук демилгеси” долбоорунун алкагында Кыргызстанда биринчи милициянын көчмө кабылдамалары иштеп баштаган. Алар алыскы аймактарда жашаган жергиликтүү калктарды кабыл алуу үчүн түзүлүп, кылмыштарды жана укук бузууларды алдын алууда өз натыйжалуулугун көрсөтүүдө.
2011-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин ички иштер министрлигине ЕККУ тарабынан 39-милициянын көчмө кабылдама унаасы тапшырылганын билдиребиз. Мунун негизинде Кыргызстанда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички резервинен 10 автоунаа бөлүнүп берилип, жалпысынан Кыргызстанда 49 милициянын көчмө кабылдамасы иштөөдө.
Ички иштер министри Улан Ниязбеков ЕККУга көрсөткөн колдоолору үчүн ыраазычылыгын билдирип, укуктук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн мындан ары дагы алгылыктуу кызматташууга даяр экендигин билдирди.
“Калк менен ачык-айкын, жеткиликтүү жана ыкчам иштешүү милициянын көчмө кабылдамасынын башкы тапшырмаларынын бири болгондуктан, аны татыктуу аткарышууда. Ишке ашып жаткан “Милициянын көчмө кабылдамасы” долбоору өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү десем жаңылышпайм. Милициянын көчмө кабылдамасы иш учурунда өзүн оң жагынан көрсөтүп, калктын көйгөйлөрүн ыкчам чечүүгө болоорун тастыктай алды. Андан сырткары, милиция кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасында жарандарга укуктук мүнөздөгү маселелер боюнча кеңеш беришет. Жарандардын коопсуздугуна байланышкан окуялар, укук бузуулар жана кылмыштар жөнүндө арыздарды, билдирүүлөрдү жана башка маалыматтарды кабыл алышат. Милициянын башкы максаты калкты маалымдоо, ишенимдүү мамиле түзүү болгондуктан, милициянын көчмө кабылдамасынын санын көбөйтүү зарылдыгы жаралууда.
Калктын милицияга болгон ишенимин арттырууга жана анын ишмердигинин ачыктыгын күчөтүүгө багытталган ИИМдин күч-аракетине ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси зор салымын кошууда. Биз Сизге жана ЕККУнун жалпы жамаатына көрсөткөн колдоолору үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Өз тарабыман мындан ары дагы кызматташууга даяр экендигибизди билдирем”,-деди министр Улан Ниязбеков.
Милицияны мындан ары өнүктүрүүдө жарандык коом жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен тыгыз кызматташуусун бекемдөө боюнча ИИМдин күч-аракетин ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси жогору баалайт. Бул боюнча жолугушууда билдирген элчи Пьер фон Аркс төмөндөгүлөргө токтолду: “Жергиликтүү калктын көйгөйлөрүн чечүүдө гана эмес, өзгөчө гендердик зомбулукка байланышкан кырсыктарды алдын алууга жардам бере турган милицияны өнүктүрүү боюнча бирдиктүү күч-аракеттерди жумшаган ИИМ менен биздин өнөктөштүктү баалайбыз”.
Келечекте ЕККУ милициянын көчмө кабылдамасынын иш-аракетинин аймагын кеңейтүү жана мурда камтылбаган аймактарда дагы кошумча 10 көчмө кабылдама унаасын тапшыруу боюнча ИИМдин демилгесин колдоону көздөп жатат.
Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине Өзбекстан Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан ИИОнун жетекчилиги жарандарды кабыл алуулары үчүн атайын жабдылган «Isuzu» автобусу берилди.


ИИМдин Басма сөз кызматы

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх