Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте унаа уурдоого шектелип эки жашы жете элек бала кармалды

Аларга карата сотко чейинки өндүрүш иштери башталды

Бишкек шаарынын ПМК кызматкерлери унаа уурдоого шектелген эки адамды кармады. Бул тууралуу анын басма сөз кызматы билдирди.

Көрсөтүлгөндөй, 15-апрелде саат 03.43 чамасында 102-линияга Көк-Жар кичи районунда унаа уурдалгандыгы тууралуу чакыруу түшкөн.

Патрулдук милициянын инспекторлору келгенден кийин, ошол эле күнү саат 03.20 чамасында белгисиз адамдар Гольф-3 унаасын уурдап кетишкени, андан кийин алар качып кеткендиги аныкталды.

 

Белгиленгендей, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, борбордун Достоевский көчөсүндөгү ПМ кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектелип 17 жана 16 жаштагы жигиттер кармалган. Алар Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген.

 

Бул факт Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

ПМБКнын Бишкек пресс кызматы

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх