Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары бейтаптар үчүн кошумча орундар жайгаштырылгандыгын айтты

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев Өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

"26-марттан бүгүнкү күнгө чейин 10 миң 830 адам эмдөөдөн өттү", - деди ал. - Эмдөөлөрдүн негизги топтору медицина кызматкерлери, реанимация бөлүмдөрүнүн жана кызыл зоналардын кызматкерлери, билим берүү мекемелеринин мугалимдери, 65 жаштан жогорку жарандар, мамлекеттик органдардын кызматкерлери, укук коргоо органдарынын кызматкерлери.

Министрдин орун басары Бишкек шаарында жана Чүй облусунда абал өтө оор экендигин белгиледи.

"Бишкек шаарында жана Чүй облусунда эпидемиялык абал оор бойдон калууда", - дейт Рахматуллаев. - Башка аймактарда абал канааттандырарлык. Коронавируска каршы күрөшүү үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин тапшырмасы жана ыкчам штабдын чечими менен коронавирустун үчүнчү толкунуна даярдыктар көрүлүүдө. Жалпысынан республика боюнча 2361 жаңы керебет жайгаштырылды.

Анын айтымында, №1 шаардык клиникалык оорукананын базасында борборго кошумча 132 керебет жайгаштырылды.

Мындан тышкары, Рахматуллаев республиканын ооруканаларында 214 дарыгер жана 403 медицина кызматкери иштей тургандыгын белгиледи.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх