Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖК депутаты Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылды

"Октябрь окуялары баарына сабак болушу керек болчу"

Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылды.

Анын айтымында, 2020-жылдын октябрь окуялары кеңештерге ат салышкан бардык партиялар үчүн сабак болушу керек эле.

«Менин оюмча, жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыктарын кайрадан карап чыгуу керек. Эгерде биз таза шайлоону талап кылсак, анда элдин пикирин угушубуз керек », - деди Нышанов.

Эскерте кетсек, 11-апрелде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөн. Алдын ала жыйынтыктар боюнча Бишкек шаардык кеңешине төрт партия өткөн.

7 пайыздан ашыгын Биздин Эл (9,09 пайыз), “Ата Журт Кыргызстан” (9,17 пайыз), “Ак Бата” (14,04 пайыз), “Эмгек” (14,18 пайыз), НДПК (10,42 пайыз) жана “Ынтымак” (7,4 пайыз) топтогон.

Шайлоо участкаларына келгендердин 79 пайыздан ашыгы Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү үчүн добуш берди.

Көптөгөн кыргызстандыктар бир катар партияларды шайлоочуларга пара берди деп айыпташууда.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх