Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалал-Абадда кылмышкерлер ишкерлерден күч менен акча талап кылышкан

Аймактар ​​аралык башкармалыктын ыкчам кызматкерлери кылмышка шектүүнү кармады

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери ишкерлик менен алектенгендерди коркутуп, алардан акча каражатын чогулткан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюшту. Ишкерлерди өз карамагына алып, акча төлөтүү максатында коркутушкан. Кылмышкерлердин талабына макул болбогон ишкерлерди адамдар жок жерлерге алып барышып, акча каражатын талап кылуу менен коркутушуп, сабашкан.
2021-жылдын апрель айында Жалал-Абад шаарында үч адам 29 жаштагы жаранды автоунаага күч колдонуп отургузушуп, адамдар жок жерге алып барган соң сабашып, денесине ар кандай жаракаттарды келтиришкен.
Аталган факты КЖБРге катталып, ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (Бейбаштык) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.
ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери жогорудагы кылмыштуу топтун мүчөлөрүн аныктоо жана кармоо боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзө башташкан.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында ушул жылдын 16-апрель күнү Жалал-Абад шаарынын кичи райондорунун биринен шектүүлөрдүн бири Сузак районунун жашоочусу 1992-жылы туулган А.З. кармалды. Ошол эле күнү шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
ИИМдин КМКнын аймактар аралык башкармалыгынын маалыматы боюнча кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Азыркы учурда жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар башка шектүүлөрдү кармоо боюнча бардык тиешелүү чаралар көрүлүп жатат. Алардын ишкерлерди коркутуу, опузалап талап кылуу жана кол салуу боюнча башка фактыларга тиешеси бардыгы текшерилип жатат. Иликтөө иштери жүрүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх