Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ички иштер министринин орун басары Өзбекстанга барды (сүрөт)

Ички иштер органдарынын кызматкерлеринен турган делегация коңшу өлкөнүн ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн изилдөөнү пландаштырууда

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов баштаган делегация Өзбекстан Республикасына иш сапары менен келди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

 

 

Анын айтымында, иш сапардын жүрүшүндө Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин өзбек кесиптештери менен расмий жолугушуусу болду.

Тараптар эки тараптуу ведомстволор аралык кызматташуу маселелерин, анын ичинде кесиптик тажрыйба алмашууну активдештирүү, кадрлардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу жана эки тарапты кызыктырган башка маселелерди талкуулашты.

 

"Кыргызстандан барган делегация ички иштер органдарында жүргүзүлүп жаткан реформалардын жүрүшү, тутумдун ишмердүүлүгүнө маалыматтык технологияларды киргизүүнүн оң натыйжалары, ошондой эле кылмыштуулукту азайтуу жана алдын алуу иштери менен кеңири таанышты". деп билдирди департамент. "Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин делегациясы Ташкендин жана Самарканд облусунун ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн изилдөөнү пландаштырууда".

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх