Кубанычбек Жумалиев эми Жогорку Кеңештин депутаты эмес
Ал депутаттык мандатынан ажыратылды
Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев мандатынан ажырады. Эми ал Жогорку Кеңештин депутаты эмес.
Маалым болгондой, эл өкүлү парламенттин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча арыз жазган.
Мындай чечимди БШК бүгүнкү отурумунда кабыл алды.
Анын мандаты башкасына өткөрүлүп берилет.
Белгилей кетсек, Кубанычбек Жумалиев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө.
Буга чейин ал УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Эске салсак, ал мамлекетке 1 миллиард сом төлөп, сырка чыкпоо тил каты менен бошотулган.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз