Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров казинонун ачылышы жөнүндө: Туристтердин акчасы бизде калганы жаманбы?

Президент белгилегендей, айрым популисттер кумар зонасын ачууну колдогон депутаттарга каршы кара пиар жасап жатышат

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеш тарабынан "Ысык-Көл облусунун аймагындагы адистештирилген административдик аймак, анын ичинде туристтик-көңүл ачуу комплекси жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алгандыгына байланыштуу билдирүү жасады. Бул тууралуу мамлекет башчысынын аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Кумарканалар Кыргызстандын жарандары үчүн ачылбайт, чет элдиктер жана туристтер үчүн гана ачылат. Мыйзам боюнча, Кыргызстандын жарандарына казино жана кумар оюндарына барууга тыюу салынат. Депутаттар аны туура колдоп жатышат. Туристтердин акчасы Кыргызстанда калса жаман болобу? Мындай практика көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде коңшу мамлекеттерде кеңири тараган. Айрым алысты көрө албаган депутаттар - популисттер ушул мыйзам долбоорун колдогон эл депутаттарына каршы кара пиар жасашууда », - деди президент өз билдирүүсүндө.

Эскерте кетсек, бүгүн депутаттар биринчи окууда Ысык-Көлдө кумар оюндары зонасын ачуу боюнча мыйзам долбоорун кабыл алышты.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх