ЖКнын депутаты: Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаевге иш козголгонбу?
УКМК азырынча 19 жаштагы Үмүттүн өлүмү боюнча текшерүү жүрүп жатат деп жооп берди
Парламенттик жыйында депутат Рыскелди Момбеков УКМКнын экс-башчысы Орозбек Опумбаев менен Ички иштер министрлигинин экс-башчысы Кашкар Жунушалиевге иш козголгонбу деп сурады.
Башкы прокурор аларга карата атайын иш козголгон жок деп жооп берди. Курманкул Зулушев белгилегендей, иштер Октябрь окуялары боюнча козголуп, кийин аларга укуктук баа берилет.
Эл өкүлү эмне үчүн Интерпол аркылуу издөөдө жүргөндөрдүн тизмесин бербей койгонун сурады.
УКМКнын тергөө бөлүмүнүн башчысы Сагындык Самидин уулу атайын каражаттарды колдонуунун мыйзамдуулугу фактысы боюнча бир иш козголгонун билдирди. Анын айтымында, бул факт боюнча азырынча эч кимге айып тагыла элек.
Момбеков укук коргоо органдары АКШнын элчисинен Аскарбек Шадиев жөнүндө маалымат сурагандыгын эске салды. Бирок, Ички иштер министрлигинин экс-башчысы жана УКМКнын экс-башчысы жөнүндө маалымат суракка алынбайт. Парламентарийдин айтымында, Жунушалиев менен Опумбаев Москвада.
"Биз адам өлтүрүү фактысы боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жатабыз" деп жооп берди УКМКнын тергөө бөлүмүнүн башчысы. - Экспертизада анын эмнеден көз жумганы, ызы-чуу гранатасы кайдан чыккандыгы көрсөтүлүшү керек. Аудиттин жыйынтыгы боюнча биз укуктук баа беребиз.
Сүрөт www