Кыргызстанда коронавирустун британиялык штаммы табылды
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө штаммдардын төрт түрү жүрүп жатат
Британиялык коронавирус штаммы Кыргызстанда табылды. Vesti.kg маалыматы Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы тарабынан тастыкталды.
Анын айтымында, COVID-19 штаммынын сортторун аныктоо боюнча терең изилдөө үчүн анализдер Россиянын лабораториясына жөнөтүлдү.
Белгиленгендей, бул изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, Улуу Британия (жаңы штамм), Индия (жаңы версия), Түштүк Африка (эски версия) жана Россия штаммдары өлкөдөгү бейтаптардын арасында жүрүп жатат.
Канышай Балкыбекова
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз