Кыргызстандын туулган жаран Мамлекеттик Думага "Единая Россия" партиясынан талапкерлигин койду
Тарапташтары Россиянын жарандыгы бар кыргызстандыктардан аны колдоп берүүсүн суранат
Кыргызстанда туулуп-өскөн Кубанычбек Кожоев Россиянын Мамлекеттик Думасына чоң "Единая Россия" партиясынын атынан талапкерлигин койгон. Бул тууралуу Facebook социалдык тармагынын колдонуучусу Максим Баткенский жазып чыкты.
- Праймериз (алдын-ала добуш берүү) башталды, - деп белгиледи ал. - Добуш берүү жана шайлоо онлайн режиминде өтөт. Эгерде, РФ паспорту бар кыргызстандыктар биригип, бир муштумдай болуп, ОРОЗО аяктаганча тизме топтоп, “алдын ала” добуш берүүгө катышсак, анда Орто Азия элдеринин ичинен биз кыргыздар, биринчи болуп ГосДумага өз депутатыбызды шайлап алууга мүмкүнчүлүк алабыз.
Сүрөт www