Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек АШК референдумдун жыйынтыгын бекитти

Борбор калаада 78 854 шайлоочу жаңы Конституцияга добуш берди

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы референдумдун жыйынтыгын бекитти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын шайлоо участкаларында шайлоочулардын саны 130 215 шайлоочуну түздү, анын ичинен 78 854 добуш "макул", 46 996 "каршы" добуш берилди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жердеги шайлоо участкаларында шайлоочулардын саны 3 168 добуш берди, анын ичинен 2448 добуш макул, каршы - 668 добуш.

Эскерте кетсек, 11-апрелде жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо менен бир мезгилде жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум өткөн.

БШКнын маалымат бөлүмү
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх