УКМКнын чек ара кызматы тажик тарапты кыргыз тарапка негизсиз айыптоолордон алыс болууга чакырат
Кыргызстандык аскер кызматкерлери тажик мектеп окуучуларын сабаганы тууралуу маалымат жалган болуп чыкты
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы Интернеттин тажик сегментинде тараган делген "Кыргыз Республикасынын чек арачылары тарабынан эки тажик мектеп окуучусун сабады" деген маалымат чындыкка дал келбейт деп ырастоодо .
Жогорудагы басылмалар жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккандан кийин, Кыргыз Республикасы менен Тажикистан Республикасынын чек ара өкүлдөрүнүн ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү болуп, анда тажик тарап Кыргызстандын чек арачылары тарабынан тажик мектеп окуучуларынын кармалышы жана сабалышы фактысын расмий түрдө четке какты.
Тажикстандын чек ара өкүлдөрү тажик мектеп окуучуларынын кармалышы тууралуу маалымат жасалма экендигин моюнга алышты.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы тажик тарапты кыргыз тарапка негизсиз айыптоолордон баш тартууга, ошондой эле мамлекеттик чек арада кырдаалды курчутууга өбөлгө түзгөн ар кандай билдирүүлөрдү басууга чакырат.
УКМКнын ПС Коомчулук жана ММК менен байланыш бөлүмү
Сүрөт www