ЖК депутаттар бүгүн чек арадагы жаңжалды жабык эшик артында талкуулашат
Жогорку Кеңештин жыйынына укук коргоо органдарынын өкүлдөрү келишет
Бүгүн саат 16: 00дө депутаттар парламентке чогулуп, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулашат. Бул тууралуу Vesti.kg маалымат агенттигине Жогорку Кеңеш билдирди.
Бул шашылыш жыйын эмес экени белгиленди. Депутаттарга укук коргоо органдарынын өкүлдөрү келишет. Алдын ала маалымат боюнча, бул маселе жабык эшик артында каралат.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз