Депутат Төрөбаев: Премьер-министрдин жоопкерчиликсиз билдирүүсүнөн улам жарандар чек арада кыйналып жатышат
Парламентарий өлкөнүн тагдыры үчүн жооптуу адам ойлонуп сүйлөөсү керектигин белгиледи
Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында премьер-министр Улукбек Мариповдун жоопкерчиликсиз билдирүүсүнөн улам кыргыз-тажик чек арасында карапайым жарандар кыйналып жатканын билдирди.
«Урматтуу мекендештер!
Чек ара - элибиздин коопсуздугу, мамлекеттин бүтүндүгү!
Мекен чек арадан башталат. Чек ара дипломатиялык мамилени, узак жана татаал сүйлөшүүлөрдү талап кылган өтө татаал маселе. Канчалык кыйын болсо дагы, бул маселени чечиш керек.
Эми бизди Баткен районунун Ак-Сай, Ак-Татыр, Көк-Таш айылдарындагы кырдаал тынчсыздандырат.
Чек арадагы тез-тез чыр-чатактар баарыбызга зыян келтирет. Бул маселени бир гана Баткен шаарынын тургундары эмес, Нарын, Чуя, Талас, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад шаарынын тургундары карашы керек.
Урматтуу эл! Ата-бабаларыбыз Кыргыз Республикасынын жаралышы үчүн өз өмүрүн курмандыкка чалышып, бизге ушундай сонун жерди мурас катары калтырышты. Биз дагы аны сактап, урпактарыбызга өткөрүп беришибиз керек.
Премьер-министр Улукбек Мариповдун жоопкерчиликсиз жана текшерилбеген билдирүүсүнүн айынан карапайым эл кыйналып жатат. Башка жарандардын жана мамлекеттин тагдырына жооптуу адамдар сөз айкаштарын тандап, ойлонуп сүйлөөсү керек.
Мындай кырдаалдан чыгуу үчүн президент, өкмөт жана Жогорку Кеңеш дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, элдин коопсуздугун сактап, тынчтыкты камсыз кылып, Кыргызстандын кызыкчылыгын эске алуу менен бул маселени тез арада чечиши керек ”, - деди депутат.
Сүрөт www